Кытайда дүйнөдөгү эң ири алтын кени табылды
Кытайлык геологдор Хунань провинциясынан ири алтын кенин табышканын билдиришти. Бул кен дүйнөдөгү эң чоң алтын кени болушу мүмкүн экендигин чет элдик басылмалар жазышууда.
Алгачкы божомолдор боюнча, жер астында 1100 тоннага чейин алтын болушу мүмкүн. Анын баасы болжол менен 83 миллиард долларды түзөт.
"Бул ачылыш Пинцзян округундагы учурда иштеп жаткан Вангу кенинин астынан табылган. Геологдор 2 миң метр тереңдиктен 40тан ашык алтын каптаган тамырларды табышкан. Алтындын кору 3 чакырым тереңдикке чейин жетиши ыктымал", - деп белгиленген маалыматта.
Эгер бул эсептер тастыкталса, Кытай кени дүйнөдөгү эң ири деп эсептелген Түштүк Африканын шахтасын артта калтырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















