Кыргызстанга атомдук электр станциясы керекпи? Энергетикалык келечекке карай жол

Кыргызстан акыркы жылдары ар бир жаранга тийиштүү болгон чоң сыноого – электр энергиясынын тартыштыгына – туш болуп келет. Суу ресурстарыбыз мол болгону менен, өлкөнүн энергетикалык системасы негизинен гидроэнергетикага көз каранды бойдон калууда.
Акыркы мезгилде өлкөдө күн жана шамал станцияларын өнүктүрүү аракеттери жүрүп жатат. Бирок электр энергиясын керектөөнүн өсүшү системалуу чечимди талап кылат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы электр энергиясынын болжол менен 90 пайызы гидроэлектростанциялардан өндүрүлөт. Бул жол климатка абдан сезгич – бир жылдык суунун азайышы энергетикалык кризиске алып келиши мүмкүн.
Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө жыл сайын электр энергиясына болгон керектөө 5–7%га көбөйүүдө. Жаңы турак жайлардын курулушу, өнөр жайдын өнүгүшү, санариптешүү — мунун баары тармакка кошумча жүк алып келет. Айрым станциялардын жана жабдуулардын эскилиги болсо үзгүлтүктөрдүн коркунучун күчөтөт. Суу азайган учурда республика коңшу мамлекеттерден — Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Орусиядан электр энергиясын импорттоого мажбур болууда.
Бардык факторлорду эске алганда, энергияга болгон муктаждык мындан ары да өсө берет.
Мындай шартта адистердин арасында жана коомчулукта улам-улам суроо жаралууда: Кыргызстанга атомдук электр станциясы керекпи?
Кээ бирөөлөр үчүн бул — энергетикалык көз карандысыздыкка жана жогорку технологияларга карай кадам, башкалар үчүн — тобокелдүү жана кымбат долбоор. Бирок экономикалык жагынан караганда, атомдук электр станциясы өлкөнүн өнүгүүсүндө негизги бурулуш чекиттердин бири боло алат.
Атомдук электр станциясын куруу жогорку квалификациядагы адистерди талап кылат. Кыргызстанга билим берүү программаларын өнүктүрүү, эл аралык эксперттер менен кызматташуу жана улуттук кадрларды даярдоо зарыл болот. Бирок мындай долбоордун өзүн аткарышы ондогон жылдарды талап кылат. Ошондуктан мамлекеттин саясий жана каржылык туруктуулугу өтө маанилүү. Мындан тышкары атомдук энергетиканын эң татаал маселелеринин бири — колдонулгандан кийинки өзөктүк калдыктарды сактоо жана кайра иштетүү болуп турат.
Муну менен катар эл арасында атомдук энергетиканы коркунуч менен байланыштыруу көз карашы дагы деле бар. Калк менен ачык маалыматтык саясат жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөсө, мындай долбоор түшүнбөстүк же каршылык жаратышы мүмкүн. Бирок туура пландаштыруу, эл аралык өнөктөштүк жана коопсуздук стандарттарын так сактоо менен АЭС экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы боло алат.
Мындан тышкары Кыргызстанда атомдук энергетиканы өнүктүрүү үчүн тиешелүү нормативдик база да каралышы керек — лицензиялоо, экологиялык талаптар жана коопсуздук эрежелерине чейин. Бирок бул зарылдык тескерисинче мыйзамдарды жаңылоого, эл аралык стандарттарга жакындашууга жана көзөмөлдүн ачык механизмдерин киргизүүгө түрткү болушу мүмкүн.
Өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы тууралуу сөз улам кайталанып жатканда, атом темасы эми кол жеткис же фантастика катары сезилбей калды. Эгер бүгүнтөн тартып келечектеги энергетикалык системаны ойлонбосок, эртең кайра эле тандоонун алдында калабыз: импорттообу же чектөөбү? Атомдук энергетика бул жагынан узак мөөнөттүү туруктуулукка жол ачат.
Ушул факторлорду эске алганда, бул маселе эми «керекпи же жокпу?» деген суроодон көрө, «качан жана кандайча?» деген форматка өтүп жатат десек болот. Бирок атом тууралуу талкуу техникалык эсептер менен эле чектелбеши керек. Бул, эң оболу, ишеним маселеси — мамлекетке, өнөктөштөргө, адистерге болгон ишеним. Коом менен канчалык ачык сүйлөшүү жана маалымат жеткирүү болсо, эл арасындагы коркунуч сезимин жеңүү ошончолук жеңил болот. Себеби бүгүнкү технологиялар мурдагыдан таптакыр башка деңгээлге чыккан — реакторлордун коопсуздугу, автоматташтырылган көзөмөл жана башкаруу системалары дүйнөлүк стандарттарга толук жооп берет.
«Кыргызстанга атомдук электр станциясы керекпи?» деген суроо эми күмөн саноо эмес, пландын бир бөлүгүнө айлангандай .
Эгер бул план ишке ашса, анда ал өлкөнүн энергетикалык тарыхындагы бурулуш учур болуп, Кыргызстан электр энергиясын укканда тартыштык эмес, өнүгүүнүн бир бөлүгү катары сүйлөй турган деңгээлге жетиши мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















