Пакистан менен Ооганстан 48 сааттык убактылуу ок атышууну токтотуу боюнча макулдашты
Бүгүн, 15-октябрда Пакистан менен Ооганстан 48 саатка убактылуу ок атышууну токтотууга макул болушту. Бул тууралуу Пакистан ТИМи кабарлаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Макулдашуу талибан тараптан келген өтүнүчкө ылайык, эки тараптын өз ара макулдугу менен түзүлгөн. Ооганстан бийлигинин өкүлү Забихулла Муджахид бардык куралдуу күчтөргө келишимди сактоо боюнча буйрук берилгенин билдирди.
Бул макулдашуу 11-октябрда башталган чек арадагы куралдуу кагылышуулардан кийин кабыл алынды. Анда Пакистандын беш аскери мерт болуп, Афганстандын аба күчтөрү Лахор шаарына аба сокку урулган. Жооп иретинде Пакистан Кандагар жана Куррам аймактарындагы талибдердин позицияларына чабуул жасаган.
Эки өлкө азыр сүйлөшүү аркылуу чыңалууну жөнгө салууга аракет көрүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















