"Министр жакшы иштеп жатат". Феликс Кулов кошоматчы деген кептерге жооп берди
Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов "Биринчи радиого" берген маегинде кошоматчы деген кептерге жооп берди.
"Азыр министр (ред. ички иштер министри) жакшы иштеп жатат. Мени көп киши "бул кошоматчыбы?" деп жатышат. Буга да мен өзгөчө мактанам. Министр азыр коопсуз өлкө системасын киргизди. Ыкчам издөө иштери да азыр жакшы иштеп жатат. Бирок көйгөй кадрдык маселеде бар", - деди ал.
Айта кетсек, коомчулукта Бишкектин Ак-Ордо-3 конушундагы кандуу окуяда Кулов ИИМдин жасаган иштери тууралуу билдирүү кылганда аны кошоматчылыкка айыптагандар болгон.
Феликс Кулов кошоматчы деген кептерге жооп берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















