super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп АКШ менен Кытай соода согушунда экенин айтты

 

АКШ президенти Дональд Трамп өлкөсү азыр Кытай менен соода согушунунда экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Эгер бажы төлөмдөрүбүз болбосо, коргонуу мүмкүнчүлүгүбүз да болбойт", - деди ал.

Трамп бажы төлөмдөрү өлкөнүн улуттук коопсуздугу жана коргонуу үчүн маанилүү курал экенин белгиледи. Анын айтымында, мурунку администрациялар бул мүмкүнчүлүктү пайдаланган эмес. Президент бажы салыктары триллиондогон доллар киреше алып келип, "дүйнөдө тынчтыктын сакталышына" өбөлгө түзгөнүн айтты.

Мындан тышкары Трамп учурда Жогорку Сотто каралып жаткан бажы төлөмдөрүнө байланыштуу доо АКШнын тарыхындагы эң маанилүү иштердин бири экенин белгиледи. Ал бул иш утулуп калса, өлкө узак мөөнөткө экономикалык жактан алсыз абалга түшүшү мүмкүн экенин эскертти. Трамп соттук териштирүүнү өзү барып көрүүнү да ойлоп жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: