Жеке менчик онлайн мектептер үчүн лицензиялык талаптарды иштеп чыгуу боюнча жыйын өттү
Кечээ, 15-октябрда агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын катышуусунда жеке менчик онлайн мектептерге коюлуучу лицензиялык талаптарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.Маалым болгондой, жумушчу топтун курамына Агартуу министрлигинин кызматкерлери менен катар мектептик билим берүү тармагында ишкердик менен алектенген жарандар жана кызыкдар тараптардын өкүлдөрү киргизилген.
Жолугушуунун жыйынтыгында онлайн мектептердин ишин жөнгө салуучу талаптарды иштеп чыгуунун алдында дүйнөлүк тажрыйбаны жана билим тармагындагы өлкөнүн ченемдик документтерин анализдөө чечими кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















