Курулуш министри менен Лю Цзянпин жолугушту
Кечээ, 15-октябрда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде курулуш тармагындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу жана тармакка заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.
Министр Нурдан Орунтаев Кытай менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш тармагында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле Кытайдын Кыргызстандын курулуш тармагына болгон колдоосун белгилеп, тармактагы активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын айтты.
Ал эми элчи Лю Цзянпин Кыргызстандын курулуш тармагынын келечеги кең экенин билдирип, соңку жылдардагы жетишкендиктерди белгиледи.
Министрликтен билдиришкендей, 2025-жылдын башынан тартып эки өлкө ортосунда 23 инвестициялык долбоор каралып, анын 17си Кытайдын улуттук стандарттарына ылайык ишке ашырылууда. Алардын катарында темир жол куруу, кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо, энергия өндүрүү жаатындагы бир катар долбоорлор бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















