super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Лавров Европаны Украинадагы согушту "Трамптын согушу" катары көрсөтүүгө айыптады

 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европанын Украинадагы согушту "АКШ президенти Дональд Трамптын согушу" катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканын айтты. Ал бул тууралуу Kommersant гезитине берген маегинде билдирип, АКШ менен болгон мамилелер жана Украина маселесине токтолду.

Лавровдун айтымында, Аляскада өткөн Орусия лидери Владимир Путин менен Трамптын жолугушуусу бурулуш учур болбосо да, эки өлкөнүн бири-бирин түшүнүүгө багытталган маанилүү кадам болгон. Ал Трамп Украинадагы кризистин негизги себептерин түшүнүүгө аракет кылып, ракета берүү чечими чыңалууну күчөтөрүн да моюнга алганын билдирди.

Министр Европа Трампка кысым көрсөтүп, согушту анын жоопкерчилигине жүктөөгө умтулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле Лавров Трамптын Орусия менен кызматташтыкты жандандыруу жана тынчтык орнотуу аракетин колдогонун кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: