Майлуу-Суу шаарында адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмышка шектүү адам кармалды
Майлуу-Суу шаарында адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмышка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Майлуу-Суу шаарынын Пионер көчөсүндөгү көпүрөнүн жанында 1987-жылы туулган А.Усеновдун сөөгү табылган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында киши өлтүрүүгө шектүү делип Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Н.Рыскулов кармалган. Учурда ал камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.