super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Чикатилонун айынан 11 киши күнөөсүз атылган". Өлүм жазасы бир катар баскычтар менен каралышы керектиги айтылды

 

Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов "Биринчи радиого" берген маегинде өлүм жазасы кирсе, ал бир катар баскычтарда каралышы керектигин айтты.

"Биринчи сот присяжных (ред.: элдик сот арачы) деген карашы керек. Ачык айтканда, азыр сот системасына эл ишенбейт. Ошондуктан элдик сот уюштурулса, ага белгилүү, көз карандысыз 10 адам келсе, анда эл ишенет. Андан кийин соттук баскычтардан өтүп, президенттик комиссия карайт. Мына ушундай тутумду киргизиш керек", - деди ал.

Ошондой эле маек кургандардын бири, милициянын отставкадагы полковниги Сагын Өмүралиев Куловдун пикирин колдоп, күнөөсүз адамдар өлүм жазасына тартылып калышы мүмкүн экенин билдирди.

"СССРде Андрей Чикатило деген маньяк болгон. Ал 57 адамды, көбүнчө аялдарды өлтүргөн. Ошонун айынан күнөөсү жок 11 адам атылып кеткен. Ошон үчүн бир же үч сот өкүм чыгарбастан, 10 же 12 киши баарын угуп, анан кийин чечим чыгарышы керек", - деди ал.

Буга чейин ЭлТР телеканалы Айсулууну өлтүрүүгө шектелип кармалган Кумарбек тууралуу жарыялаган материалда шектүүнү Чикатилого салыштырган. Анда Кумарбектин буга чейин жасаган кылмыштары ачыкталат.

Айта кетсек, Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: