super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп чалгындоо кызматына Венесуэлада жашыруун операция жүргүзүүгө уруксат бергенин тастыктады

 

АКШ президенти Дональд Трамп Борбордук чалгындоо башкармалыгына Венесуэлада жашыруун операцияларды жүргүзүүгө уруксат бергенин тастыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Ак үй наркокартелдерге каршы соккуларды деңизде гана эмес, кургакта да жасоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Адистер бул билдирүү Вашингтондун Венесуэла президенти Николас Мадурого болгон басымын кыйла күчөткөнүн көрсөтүп жатканын айтышууда.

New York Times гезити шейшемби күнү өз булактарына таянып жазгандай, Трамп чалгындоо кызматына Венесуэлада операцияларды өз алдынча же ири аскерий аракеттердин алкагында жүргүзүүгө уруксат берген.

Трамп чалгындоо кызматын Венесуэлага жөнөтүүгө уруксат бергенинин эки себеби бар экенин билдирген.

Анын биринчи себеби Венесуэладан АКШга кылмышкерлер келип жатканын айтса, экинчи себеп катары өлкөгө маңзаттардын агымын көрсөткөн.

"Венесуэладан көп сандагы маңзаттар келип жатат. Алардын көбү деңиз аркылуу ташылат. Азыр кургактагы жолдорду караштырып жатабыз, анткени деңизде биз толук көзөмөл орнотконбуз", — деп кошумчалаган Трамп.

Трамп чалгындоо кызматын Мадурону бийликтен кулатуу аракеттерине катышуусу мүмкүн экенин айткан жок. Бирок New York Times гезитинин маалымат булактары анын администрациясынын жашыруун стратегиясы дал ушул максатты көздөйт деп билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: