super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстандык авиакомпания Астана–Бишкек багыты боюнча түз каттам ачат

 

Казакстандык Qazaq Air авиакомпаниясы Астана шаарынан Бишкек жана Самарканд багыттары боюнча жаңы эл аралык түз каттамдарды ачарын билдирди. Бул тууралуу авиакомпаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

Түз каттамдар 7-ноябрдан тарта ишке кирет. Анда Астана – Самарканд – Астана багыты жума жана жекшемби күндөрү, ал эми Астана – Бишкек – Астана багыты дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү болот.

Qazaq Air авиакомпаниясынын башкы директору Адилбек Умралиевдин айтымында, бул каттамдар Борбор Азиядагы өлкөлөр ортосундагы ишкердик, туристтик жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

"Астана, Самарканд жана Бишкек шаарларынын ортосундагы түз аба каттамдар жүргүнчүлөргө ыңгайлуулукту камсыздап, аймактагы байланыштарды чыңдоого шарт түзөт. Бул багыттар саякатчылар, ишкерлер жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деди Умралиев.

Мындан тышкары жаңы каттамдар аркылуу жүргүнчүлөр Астана аркылуу Омск, Новосибирск, Бишкек жана Самарканд шаарларына да туташ рейстер менен уча алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: