Ар бир кан тобуна туура келген "универсалдуу бөйрөк" иштелип чыкты
Канада жана Кытайдын изилдөөчүлөрү ар кандай кан тобундагы бейтапка ылайыктуу "универсалдуу бөйрөк" өндүрүүгө жетишти. Бул орган донор менен кабыл алуучунун кан тобунун дал келүүсү талап кылынган учурдагы көйгөйдү чечүүгө багытталган. Бул тууралуу Nature Biomedical Engineering журналында жарыяланган.
Маалыматка ылайык, бул метод менен 1-топтогу бөйрөк 2-топко айландырылып, кан тобунун дал келбеши көйгөйү чечилет. Адатта, 1-кан тобундагы бейтаптар ошол эле кан группасындагы донор-бөйрөктү ала алчу, бул алардын күтүү мөөнөтүн узартчу.
Универсалдуу бөйрөктү адам моделинде кыска мөөнөттө сыноо жүргүзүп, ал бир нече күн бою иштеп, заара чыгарган. Үчүнчү күнү жеңил иммундук реакция байкалганы менен, организм органга чыдам көрсөткөнү белгиленди.
Изилдөөчүлөр бул методдун узак мөөнөттүү коопсуздугун текшерүүнү жана адамда сынак жүргүзүүнү пландашууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















