"ИИМ күнөөнү сот корпусуна жүктөөдө". Кыздарды өлтүрүүгө шектелген Кумарбекке өкүм чыгарган соттордун бири үн катты
Айсулуунун өлүмүнө шектелип кармалган Кумарбекке мурдагы кылмышы үчүн өкүм чыгарган Бишкек шаардык судьялардын бири Кайсын Абакиров үн катты.
Ал Кумарбек тууралуу чыккан иликтөөдө ага өкүм чыгарган үч судья жемкорлук боюнча кызматтарынан алынган деген маалымат чындыкка дал келбестигин айтып, Ички иштер министрлигин актануу аракетин көрүп жатат деп айыптады.
"Ооба, мен, Кайсын Абакиров, соттук коллегиянын мүчөсү болчумун жана Бишкек шаардык сотунун Кумарбекке карата 2016-жылдын 12-майындагы өкүмү өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында кабыл алынганын жана судьялар чечимди кабыл алууда мыйзамды жана иште болгон материалдарды, атап айтканда, жабырлануучунун пикирин, соттук-медициналык экспертизанын корутундусун, мамлекеттик айыптоочунун пикирин, ошондой эле кылмыш ишинин башка материалдарын гана жетекчиликке алгандыгын жана азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн өкүм мыйзамдуу күчкө ээ экендигин, эч ким тарабынан даттанылбагандыгын билдирем.
2020-жылы бул кылмыш иши боюнча чечим кабыл алган судьялар коррупция үчүн иштен алынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт жана кылдат текшерүүнү талап кылат.
Биз кылмышкердин колунан жапа чеккен бардык жакындарына жана алардын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Резонанс жараткан 3 жаш кыздын Кумарбек тарабынан өлтүрүлүүсү 2015-жылга чейин жасалгандыгын белгилейбиз.
Азыркы учурда ИИМ ачылбаган өзгөчө оор кылмыштар үчүн күнөөнү сот корпусуна жүктөп, ошону менен коомчулуктун жана президенттин алдында акталгысы келип жаткандай таасир калтырууда. Ошондой эле мен ИИМдин жетекчилигин тергөө аяктаганга чейин резонанстуу кылмыш иштери боюнча маалыматты жарыялабоого чакырам. Анткени бул фактылар тергөөнүн сыры болуп саналат жана мыйзамдуу чечимди алганга чейинки көрсөтүлгөн факторлор терс коомдук-саясий баа берүүнү, коомдук пикирди жаратып, өлкөнүн укук коргоо органдарынын ишин начарлатып, тергөөчүлөр үчүн бир катар олуттуу тобокелдиктерди жана оорчулуктарды жаратып жатат", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
nyrbekali87
16.10.2025. 13:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда ар бир жаран билиши керек — башка бирөөнүн өмүрүн кыйган мыкаачы өзүнүн өмүрү менен жооп берет.
Өлүм жазасы гана мыкаачы адамдарды ойлондурат, "адамдын өмүрү — ыйык" деген түшүнүктү кайтарып келет.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















