super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Резонанс жараткан материал: Орунбеков Кумарбекке өкүм чыгарган соттордун биринин айткандарына жооп кылды

 

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Айсулуунун өлүмүнө шектелип кармалган Кумарбек Абдыровдун мурунку кылмышы үчүн өкүм чыгарган соттордун бири Кайсын Абакировдун билдирүүсүнө жооп берди.

"ЭлТР телеканалы жарыялаган маалыматтан кийин Кумарбек Абдыровдун жазасын жеңилдеткен 3 соттун бири Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына өзүнүн пикирин жарыялады. Анда "резонанс жараткан өлүмдөр 2015-жылга чейин болгон” деп жазган.
Мындай билдирүүсү менен Кумарбектин башка кыздарды өлтүргөн аракеттерине моралдык жоопкерчилигим жок дегендей оюн бөлүшкөн. Мен дагы моралдык жана логикалык ой жүгүртүүм менен бөлүшкүм келет. 2015-жылы жасаган кылмышы боюнча 12 жыл жаза мөөнөтүн алган Кумарбек боюнча сот чечими өзгөрүүсүз калганда, ал 2027-жылы эркиндикке чыкмак.
12 жылдык жаза мөөнөтү 7 жылга кыскаргандан кийин, ал мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан. Эркиндикте жүрүп, быйыл 2025-жылы октябрь айында 17 жаштагы Айсулууну өлтүрүп жатат. А балким, убагында соттор анын жазасын өзгөртүп, мөөнөтүн кыскартып салбаганда, Айсулуу тирүү калмак беле деген ой келет. Ачылбай калган дагы канча кылмыштары бар? Айсулуудан башка канча кызды зордуктады, канчасын өлтүрдү, аны бир Кудай билет..." - деп жазды ал Facebook баракчасына.
Буга чейин Абакиров Кумарбекке мурдагы кылмышы үчүн чыккан өкүм боюнча билдирүү жасаган. Ал эми Кумарбек тууралуу жарыяланган материалда 2015-жылы шектүүнүн кордугуна кабылган кыз боюнча ачылган иште ага 12 жыл эркинен ажыратуу жазасы берилгени, кийин Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы тарабынан сот өкүмү жеңилдетилип, ал 7 жылга кесилгени айтылат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: