Аида Салянова киши колдуу болгон Камила тууралуу убадалаган билдирүүсүн жасады
Мурдагы баш прокурор Аида Салянова 11 жыл мурун киши колдуу болгон Камиланын өлүмүнө агасынын айыпталышы ошол кезде бийлик тарабынан өзүнө карата каралоо болгонун билдирди.
Салянова окуя 2014-жылы болгону менен, агасына кылмыш иши 2017-жылы козголгонун айтып, буга ал 2015-жылы парламентке депутат болуп барганда ошол кездеги бийликке оппозиция болгону менен түшүндүрдү.
"Кыздын өлүмү боюнча жүздөгөн адамдар күбө катары суралган. Анын ичинде менин атамдын бир тууганы да күбө катары суралган. Маркум кыз агама жумуш издеп келиптир, ошол жагдайларда менин агамдын телефон номуру анын телефонунда сакталып калат. Мен ошол кезде баш прокурор элем. Мен ал учурда тергөө иштерине кийлигишкен эмесмин.
Кийин мен баш прокурорлуктан кеттим. 2015-жылы депутат болуп шайландым. Депутат болуп турганда мен ошол кездеги Атамбаевдин бийлигине ачык оппозиция болдум. Бийликтин көп иштерин сындап жаттым. Анан мага 2016-жылы саясий иш козголгон. Мына, быйыл, 9 жылдан соң актоо чечими чыкты.
Ошондой саясий тиреш болуп жатканда агамдын үстүнөн 2017-жылы иш козгошкон. Далил жок болгондуктан өлтүрүү деп эмес, тергөөгө тоскоолдук кылуу деп козгошкон. Алар бир саунадагы видеону өчүргөн дешкен. Ал саунада Камила эч качан болгон эмес. Менин агам аны менен саунада болгон эмес. Алар тоскоолдук кылды деп, коомчулук агамдан шек санасын деп козгошкон... Агам өлкөдөн чыкканга аргасыз болгон", - деди ал.
Салянова ошондой эле ЭлТР жарыялаган материалда кайрадан эле тоскоолдук болгон деген маалымат айтылганын белгилеп, маалымат так эмес экенин айтты.
"Маркум кызды ЭлТР бүгүн да жаман атты кылып жатат. Ал кыз менен агамды тыгыз байланышта болгон дейт. Ал тыгыз байланышта болгонун кантип далилдедиңер? Агама сотко бериңиз деген кеңешимди бердим", - деп кошумчалады ал.
Буга чейин Салянова 11 жыл мурун киши колдуу болуп каза болгон Камила Дүйшөбаеванын иши Ысык-Көлдө Кумарбектин колунан ажал тапкан Айсулуу Мукашеванын иши менен байланышы бар экениндигин билдирип, социалдык баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, айтып берүүнү убадалаган.
Кийинчерээк ЭлТР телеканалы Айсулуунун өлүмүнө шектелип кармалган Кумарбек Абдыров тууралуу материал жарыялаган. Анда шектүү мурун да кыздарды өлтүрүп келгени айтылган. Арасында Камила Дүйшөбаеванын да аты аталган.
Аида Салянова киши колдуу болгон Камила тураалуу убадалаган билдирүүсүн жасады
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















