Ошто алдыдагы шайлоого болгон даярдык маселелери талкууланды
Бүгүн, 16-октябрь президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чоң жыйындар залында облус жетекчиси Элчибек Жантаевдин төрагалыгы алдында облустук штабдын отуруму өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдирди.
Маалымадагандай, иш-чарада 30-ноябрда белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелер талкууланган. Жыйынга акимдер, шаар мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышкан.
Күн тартибинде эки негизги маселе каралган. Алар:
- Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Облустук штабдын ишин уюштуруу;
- IV Элдик Курултайды өткөрүү жана уюштуруу иштерине даярдык көрүү.
Жыйында облус жетекчиси Элчибек Жантаев борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүнөн, район акимдеринен жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринен шайлоо участкаларынын абалы жана даярдыгы боюнча маалыматтарды угуп, бир катар тапшырмаларды берген. Ал шайлоо жараянын уюштурууда бардык тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну талап кылган.
Мындан тышкары IV Элдик курултайды өткөрүүгө даярдык маселелери да каралып, ар бир жетекчиге жүктөлгөн милдеттерди так жана жоопкерчиликтүү аткаруу зарылдыгы баса белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















