super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кытай дарыгерлери Ошто көзгө акысыз операция жасап жатышат

 
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында "Экспресс ден соолук – жаркын саякат" долбоорунун алкагында Кытайдын көз дарыгерлери акысыз операцияларды жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чара Кыргызстандын түштүк аймагындагы катаракта жана глаукома оорулары менен жабыркаган бейтаптарга багытталган. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев аталган долбоордун алкагында Кытайлык дарыгерлер менен жолугуп, алардын ишине ийгилик каалап, бул гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Кытай дарыгерлери 11-23-октябрь күндөрү 300гө жакын операция жасоону пландап жатышат. Бул алардын Ош облусуна үчүнчү жолу келиши. Буга чейин 2023-жылы 338, ал эми 2024-жылы 237 бейтапка көз операциясы жасалган. 2025-жылы болсо болжол менен 300 бейтапка катаракта боюнча операция жасалып, 50дөй бейтап глаукома боюнча дарыланмакчы.
Акысыз операциялардан тышкары көз микрохирургия бөлүмү заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, кыргызстандык дарыгерлер Кытайда тажрыйбасын арттыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: