super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Муфтий Нарын шаарынын борбордук мечитинин курулушуна капсула салды (фото)

 

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров Нарын облусуна жасаган иш-сапарынын алкагында Нарын шаардык борбордук мечитинин курулушуна старт берип, капсула салуу иш-чарасына катышты.

Иш-чарага облус жетекчиси Нурбек Сатаров, Нарын шаар мэри Жайнак Немат уулу, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, КМ АК төрагасы Замир кары Ракиев, АК мүчөсү, КИУ ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов, диний кызматкерлер жана калаа тургундары катышты.

Иш-чарада ардактуу коноктор куттуктоо сөзүн сүйлөшүп, 5000 орундуу мечиттин мезгил кутусуна кол тамгаларын калтырышты. Андан соң Азирети муфтийдин дубасы менен капсула салынып, курулушка расмий старт берилди.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Нарын элине жана демөөрчүлүк кылып жаткан тараптарга ыраазычылык айтылып, баталар берилди.

Маалымат иретинде айта кетсек, 2 гектар жерди Нарын шаарынын тургуну Айбек Монолов сатып алып, казыяттын балансына өткөзүп берген. Бул мечит Нарын облусу боюнча эн чоң мечиттердин бири болмокчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: