Нарында үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды (фото)
Бүгүн, 16-октябрда Нарын шаарында Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери "Ас-Сафа борбору" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланат.
Долбоордун алкагында жер төлөсү бар төрт кабаттуу имарат курулуп, заманбап эмерек жана медициналык жабдуулар менен толук жабдылат. Жаңы борбор Нарын шаарынын жана районунун тургундары үчүн баштапкы медициналык санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Мезгил кутусун салуу аземине саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу, "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов жана Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров катышты.
Эркин Чечейбаев өз сөзүндө баштапкы медициналык санитардык жардамдын өнүгүүсү саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири экенин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















