"Экөөбүздү тең урду". Ташиев токмоктодум деген мэр аны тастыктады (видео)
Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков калаа кеңешинин төрагасы экөө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден токмок жегенин ырастады. Ал "Кабар" агенттигине курган маегинде бул нерсе 2 миллиард сомго байланыштуу экенин айтты.
Ормоковдун айтымында, өкмөт башында Акылбек Жапаров турган убакта шаарды өнүктүрүүгө 2 миллиард сом бөлдүрүүгө жетишкен. Бирок буга шаардык кеңештин депутаттары аталган сумманы бир жылда өздөштүрө албайсың деген жүйө келтиришип, каршы чыгышкан.
"Төрага Region телеканалына "аткара албайт" деп коёт да. Аны Кыдыршаевич көрөт. Анан мени чакырып, "эмне болуп жатат?" деди . Мен түшүндүрүп бердим. Анан, албетте, бизди эми үкөсү катары тилдеп, урушуп турат. Ал киши урушабы, урабы, биз жүргүзүп жаткан саясатын колдойбуз. Биз туура кабыл алып эле иштеп жатабыз го. Экөөбүздү тең урду", - деди ал.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев 31-августта Сузак районуна болгон иш сапарында Жалал-Абад шаарынын мэри менен шаардык кеңештин төрагасын сабаганын айткан.
"Экөөбүздү тең урду". Ташиев токмоктодум деген мэр аны тастыктады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















