Араван районунда маданият үйүн оңдоо жана жаштар борборун түзүү үчүн 40 миллион сом бөлүнөт
Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында жайгашкан маданият үйүн капиталдык оңдоого жана жаштар борборун түзүүгө 40 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдирди.Бул каражаттын 5 миллион сому Араван районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө багытталат.
Тиешелүү каражатты бөлүп берүү боюнча Президенттин тескемеси чыккан. Бул тууралуу бүгүн, атайын жыйындын жүрүшүндө, облус башчысы Элчибек Жантаев билдирди.
Бул долбоор аймактагы маданий жана жаштар саясатын колдоо максатында ишке ашырылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















