Бишкектеги көп кабаттуу үйгө кирип, бейбаштык кылган жаран кармалды (видео)
Бишкек шаарында көп кабаттуу үйгө кирип, бейбаштык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-октябрь күнү Абдраев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынан түн ичинде белгисиз адам имараттын ичине кирип, жашоочулардын тынчсыздануусун алып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Байкоочу камерага түшүп калган кадрларда аталган жаран подъездге кирип, электр такталарын текшерип жүргөн.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция адепсиз сөздөрдү айтып, өзүн агрессивдүү алып жүргөн адамды кармашып, убактылуу кармоочу жайга жеткизишкен. Ал 2000-жылы туулган Ш.Х. аттуу жаран экени аныкталган. Ага 126-берене (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлүп, кылмыш иши козголгон.
Бишкектеги көп кабаттуу үйгө кирип бейбаштык кылган жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















