Феликс Кулов Ташиевден токмок жеген мэр боюнча үн катты
Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден токмок жеген Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков боюнча пикирин билдирди.
Ал бул иште мыйзам бузуу жок деген оюн айтты.
"Юридикалык көз караштан алганда, бул иште эч кандай административдик же кылмыш-жаза мыйзамдарын бузуу же кемсинтүү белгилери жок. Анткени аткаминер ага берген тарбиясы үчүн толук канааттангандыгын жана ыраазычылыгын билдирди", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин Ормоков "Кабар" агенттигине курган маегинде Манас шаардык кеңешинин төрагасы экөө Ташиевден токмок жегенин ырастаган.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев 31-августта Сузак районуна болгон иш сапарында Жалал-Абад шаарынын мэри менен шаардык кеңештин төрагасын сабаганын айткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















