Орусиядан Кыргызстанга акча которуулар: Жакындарга болгон кам көрүү
“Granat” акча которуу сервисинин жардамы менен эми Орусиядан Кыргызстанга ЭЛКАРТ карталарына акча которуу мүмкүнчүлүгү ишке кирди.
Финансылык кызматтар адамдар үчүн барган сайын жеткиликтүү жана ыңгайлуу болууда. Шаарлар менен өлкөлөрдүн ортосундагы аалытыкка карабастан, үй-бүлөңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүү эч качан мынчалык жөнөкөй жана ыңгайлуу болгон эмес: эми Орусиядан Кыргызстанга акчаны болгону бир мүнөт ичинде,орусиялык каалаган банктык картасынан кыргыз төлөм системасы болгон ЭЛКАРТ картасына комиссиясыз которсо болот.
Бул мүмкүнчүлүктү Орусияда иштеп жүргөн мекендештер үчүн “Granat” акча которуу кызматы сунуштоодо. Которуу үчүн кошумча акы төлөөнүн кереги жок.
Орусиядан жөнөтүлгөн каражат сом менен ЭЛКАРТтын банктык карталарына түшөт. Максималдуу которуу суммасы 10 миң долларга чейин. (рубль түрүндөгү эквиваленти).
Көптөгөн кыргызстандыктар “Granat” сервисин колдонуп, жакындарына тез жардам көрсөтүүнүн ыңгайлуулугун баалашты. Москва шаарында жашаган барбер Марат бизге айтып бергендей, ал Бишкектеги туугандарына акча жөнөтүү үчүн “Granat” мобилдик тиркемесин колдонуп келет. Жөн гана тиркемеге катталып, картаны ага байлап коюу жетиштүү. Андан кийин которууну жүргүзө берсе болот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















