Айланма жолго орнотулуп жаткан темир-бетон устундардын сапаты текшерилди
Республикалык курулушта сертификаттоо борборунун адистери тарабынан Бишкектин айланма жолундагы эстакаданы курууда колдонулган 30 метрлик темир-бетон тибиндеги көпүрөнүн устундары текшерилди. Бул тууралуу Курулуш минитсрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө материалдын жаракаларга туруктуулугун, бекемдигин жана кубаттуулугун, ошондой эле курулуш нормаларына жана стандарттарына шайкештигин баалоо үчүн сыноолор жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн максаты – аткарылган иштердин жана колдонулган материалдардын сапатын көзөмөлдөө, конструкциялардын коопсуздук жана эксплуатациялык ишенимдүүлүк талаптарына шайкештигин тастыктоо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















