super.kg logo
  Саясат  

“Улуттар биримдигинин” депутаттары мандаттарын тапшыруудан баш тартышты

 
Ош шаардык кеңешинин “Улуттар биримдиги” фракциясынын депутаттары мандаттарын тапшыруудан баш тартышты. Бул тууралуу партиянын жетекчиси Рысбек Мирзаматов билдирди. 
Анын айтымында, партиянын айрым эл өкүлдөрү ойлонбой шашып чечим чыгарып алышкан. 
“Аларга маселенин юридикалык жагын түшүндүрдүк. Биз мандаттарыбызды тапшырбайбыз”,- деп Рысбек Мирзаматов айтты. Ош облусунун аймактык шайлоо комиссиясына арыз келбегенин аталган мекемеден кабарлады.
Белгилей кетсек, 15-январда Ош мэрлик шайлоонун натыйжасы боюнча талапкер, "Улуттар биримдигинин" лидери Мелис Мырзакматовдун утулушу аныкталганда Ош шаардык кеңешиндеги аталган фракциясынын депутаттары мандаттарын тапшырышат деп митингде жарыяланган. Буга шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов ошол күнү "Ош шаардык кеңешиндеги "Улуттар биримдиги" фракциясынын депутаттары мандаттарын тапшырышса, орундарды башка депутаттар толуктайт" деп жооп берген.
Эскерте кетсек, 15-январда Ош шаарына мэр шайлоо өтүп Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго 19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: