super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ош облустар аралык ооруканасында мурда болбогон жаңы медициналык жабдык орнотулду

 

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн алкагында бөйрөк жана заара каналдарындагы таштарды талкалап чыгаруучу заманбап литотриптор аппараты орнотулуп, колдонууга берилди.

Мекеменин маалыматы боюнча, буга чейин мындай аппарат мамлекеттик медициналык мекемелерде болгон эмес.

"Ош шаарында литотриптор аппараты менен иштеген бир гана жеке менчик клиника бар эле. Эми болсо бул жаңы медициналык жабдык аркылуу бейтаптар жогорку сапаттагы медициналык кызматты мамлекеттик деңгээлде ала алышат. Аппараттын ишке кириши менен бейтаптарга кызмат көрсөтүү бир кыйла ыңгайлуу жана жеткиликтүү баада болот. Бул жаңылык калк үчүн медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга жана ден соолукка байланыштуу чыгымдарды кыскартууга өбөлгө түзөт", - деп белгиленген маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: