super.kg logo

Шанхай аэропортуна учак шашылыш конду

 

Кытайдын Air China авиакомпаниясынын учагы жүргүнчүлөрдүн биринин кол жүгүндө литий аккумулятор күйүп кеткенден улам Шанхай аэропортуна шашылыш конууга аргасыз болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар авиакомпанияга шилтеме берип жазышууда.

Маалыматка ылайык, учак Кытайдын Ханчжоу шаарынан Түштүк Кореянын Инчхон шаарына багыт алып бара жаткан.

"Жүргүнчүнүн кол жүгүндө литий батарея өзүнөн-өзү күйүп кетти. Экипаж кырдаалга түз аракет кылып, белгиленген тартип боюнча иш алып барды, жабыркагандар болгон жок. Учуш коопсуздугун камсыздоо максатында учак Пудун аэропортуна шашылыш конду", - деп белгиленет маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: