Коргоо министри: “Бишкекте 50 офицер үй-бүлөсү менен батирде жашайт”
Бүгүн, 17-январда КРнын коргоо министри Таалайбек
Өмүралиев Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн курулушу тууралуу айтып жатып “Бишкекте 50 офицер үй-бүлөсү менен
батирде жашайт” деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анын айтымында, Кытайдан берилген гранттык
каражатка аскер кызматкерлери үчүн үй куруу чечими чыгарылган.
“Мэриядан шаар
четинен жер тилкесин берүүнү суранып жатабыз. Бирок алар жер жок экенин
айтышты. Чоң Чүй каналынын ылдый жагында жеке менчик жер бар, бирок адистердин
пикири боюнча ал жерден алыс эмес аймакта жерден бөлүнүп чыккан суулар бар
экен. Ошого байланыштуу 3 кабаттан бийик имарат тургузууга мүмкүн эмес”,- деди
Өмүралиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

