Мьянма жана Камбоджада кулчулуктан бошотулгандардын арасында КМШдан барган кыздар да бар (видео)
Мьянма жана Камбоджа өлкөлөрүндө өткөрүлгөн рейддердин жүрүшүндө 3500гө жакын адам кулчулук шартындагы мыйзамсыз кармоодон бошотулду. Алардын арасында КМШ өлкөлөрүнөн жана Орусиядан барган 100дөн ашуун кыз бар экенинин чет элдик басылмалар жазышууда.
Кылмышкерлер өздөрүн модель агенттиктердин өкүлү катары көрсөтүп, кыздарды Таиландга ишке чакырган. Натыйжада айрымдары орган сатууга дуушар болуп, башкалары алдамчылардын колл-борборлорунда мажбурлап иштетилген.
Жабыркагандардын арасында Кытай, Вьетнам жана Камерундан барган кыздар да болгон. Баары бошотулгандан кийин өз өлкөлөрүнө депортацияланары кабарланды.
Камбоджадагы рейдде 5 аял кармалды. Алар кыздарды азгырууга жардам берип, кылмыштуу тармакка тартууга көмөктөшкөн. Аларга кибералдамчылык жана адам сатуу боюнча айыптар тагылды.
Мьянмада адам эксплуатациясына каршы операциялар тоолуу аймактарда дагы деле уланууда.
Мьянма жана Камбоджада кулчулуктан куткарылгандар
0

Супер-Инфо
super.kg видео















