super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Адылбек Касымалиев агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чарага катышты

 

Бүгүн, 19-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкесине, “АгроТехЭкспо–2025” агроөнөр жай көргөзмөсүнө жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларга катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Бул жарманкелер үч күндөн бери Бишкектеги Усубалиев атындагы аянтта өткөрүлүүдө. Алтын күз майрамынын алкагында — ишкерлер, фермерлер, дыйкандар, кайра иштетүүчүлөр, агротехниктер, ири ишканалар бири-бири менен жакындан таанышып, кызматташууларга өбөлгө түзүлүүдө. Мында коюлган айыл чарба товарлары керектөөчүлөргө арзан сатылууда.

Адылбек Касымалиев Кыргызстанда өндүрүлгөн таза экологиялык товарларга кызыгуу чет өлкөлөр тарабынан күчөгөндүгүн айтып, экспорттун көлөмү жогорулаганын билдирди.

“Тышкы соодада үчүнчү өлкөлөр менен товар жүгүртүү 5,7 млрд долларды түздү. Мунун ичинде Өзбекстан менен болгон соода карым-катнашыбыз январь-июль айларынын жыйынтыгы менен 20 пайызга көбөйдү: импорт 15,7 пайызга, ал эми экспорт 28 пайызга өстү. Демек, жаныбыздагы мамлекеттер менен интенсивдүү соода-сатыктардын өсүшү сөзсүз өнүгүүгө алып келет. Мындан тышкары биздин товарларга Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттарынын кызыгуусу өскөндүгү катталды. Корея менен болгон соода 29,5 пайызга өстү, мунун ичинде экспорт 14 пайызга көбөйгөн, ал эми Эмираттар менен экспорт 17 пайызга өстү”, - деди төрагасы.

Касымалиев айыл чарба тармагы боюнча өз ишинде ийгилик жараткан кызматкерлерге Министрлер кабинетинин ардак грамоталарын жана алкыш баракчаларын тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: