Бишкектеги Фучик көчөсүнүн Жибек Жолуна чейинки бөлүгү ачылды (видео)
Бүгүн, 19-октябрда Бишкектин Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлүгү колдонууга берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди."Жалпы узундугу 3,2 чакырымды түзгөн Фучик көчөсүн реабилитациялоо үч этап менен жүргүзүлүүдө. Борбор калаанын жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча мэриянын иш-планынын алкагында иш үстүбүздөгү жылдын 11-августунда башталган. Долбоордун жалпы баасы 277,5 миллион сомду түзөт. Биринчи этап Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгү оңдолуп ачылган", - деп белгиленди маалыматта.
Ага улай бүгүн, 19-октябрда саат 15:00дөн баштап Фучик көчөсүнүн Профсоюз көчөсүнөн Чүй каналына чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.
Бишкектеги Фучик көчөсүнүн Жибек-Жолуна чейинки бөлүгү ачылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















