Кинодогудай... Франциядагы Лувр музейинде каракчылар баалуу зер буюмдарды 7 мүнөттө уурдап кетишти
Франциянын эң ири Лувр музейи каракчылыкка кабылып, убактылуу жабылды. Бул тууралуу өлкөнүн маданият министри Рашида Дати социалдык тармактагы баракчасында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, окуя эртең мененки саат 9:30 чамасында болгон, жабыркагандар жок.
"Каракчылар скутерлер менен келип, сырттагы жүк лифти аркылуу терезелерге жетип, аларды талкалап киришкен. Музейдин ичине киргенден кийин, Наполеон жана императрицага тиешелүү баалуу зер буюмдарды уурдап, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жалпы 9 зер буюм уурдалган. Белгилүү "Регент" жана "Санси" алмаздары уурдалган эмес", - деп белгиленген маалыматта.
Франциянын ички иштер министри Лоран Нуньес бул окуяны "өлкөнүн маданий мурасына сокку" деп атады жана каракчылар өтө тажрыйбалуу топ болгонун белгиледи. Анын айтымында, каракчылык жети мүнөткө жетпеген убакытта ишке ашкан.
Париждин прокуратурасы бул факты боюнча уюшкан уурулук беренелери менен кылмыш ишин козгоду.
Маалымат үчүн: Лувр музейи — дүйнөлүк маданияттын символу катары саналат. Алгач XII кылымда сарай катары курулуп, кийин 1793-жылы расмий түрдө музей болуп ачылган. Анда 400 миңден ашык экспонат сакталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















