Курулуш тармагында биринчи жолу футболдук турнир башталды (фото)
Кечээ, 19-октябрда Бишкек шаарындагы “Алга” спорт комплексинде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин демилгеси менен курулуш тармагындагы кызматкерлер арасында биринчи жолу футболдук турнир – Курулуш лигасы (К-лига) старт алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Иш-чарага министр Нурдан Орунтаев, министрликтин, курулуш компанияларынын жетекчилери, кызматкерлер жана куруучулар катышты. Командалар Курулуш министрлигинин жана курулуш компанияларынын кызматкерлеринен түзүлдү. Алгачкы беттеште А жана Б тайпасынан жалпы 8 команда күч сынашты.
Мекемеден билдиришкендей, футболдук турнирдин негизги максаты тармак ичиндеги ынтымакты бекемдөө, кызматташууну өнүктүрүү жана сергек жашоо образын калыптандыруу болуп саналат.
"Өлкөдө жаңы стадиондор курулуп, эскилери жаңыланууда. Бул иштерде курулуш тармагындагы кызматкерлердин салымы өзгөчө мааниге ээ", -деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















