Гонконгдо жүк учагы деңизге кулап, 2 адам каза болду
Дубайдан келген Emirates авиакомпаниясына таандык жүк учагы Гонконг эл аралык аэропортуна конуу учурунда учуу-конуу тилкесинен чыгып кетип, деңизге кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, учак жердеги кызматтык унаа менен кагышып, натыйжада ал да деңизге кулап түшкөн.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак кагышкан унаа техникалык кызматка таандык болгон. Анын ичиндеги эки адам каза тапты.
Boeing 747 үлгүсүндөгү учактын төрт экипаж мүчөсү аман калды, алар жаракат алышкан эмес.
Кырсыктан кийин аэропорттун түндүк жагындагы учуу-конуу тилкеси убактылуу жабылды. Калган эки тилке иштеп жатат. Кырсыктан улам ондон ашык жүк рейси токтотулду.
Гонконгдун Жарандык авиация департаменти кырсыктын себептерин териштирүү үчүн иликтөө иштерин баштаганын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















