super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Германия Грузиядагы элчисин кеңешүү үчүн чакырды

 

Германиянын Тышкы иштер министрлиги Германиянын Тбилисидеги элчиси Петер Фишерди кийинки аракеттерди талкуулоо үчүн чакырып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Акыркы айларда Грузиянын жетекчилиги Евробиримдикке, Германияга жана Германиянын элчиси Фишерге каршы үгүт жүргүзүп келүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги кошумчалагандай, Грузия маселеси дүйшөмбү күнү Европа биримдигинин кеңешинде талкууланат.

Акыркы убактарда Петер Фишер жана башка бир катар европалык дипломаттар Грузия бийлигинин "радикалдуу оппозицияны" колдойт жана өлкөнүн ички иштерине кийлигишет деген айыптоосуна кабылууда.

24-сентябрда Грузиянын тарыхында биринчи жолу Германиянын элчиси өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Грузия тарап "радикалдуу күн тартибин колдоо" жана "саясий мүнөздөгү сот иштерин" жүргүзүү аракеттери боюнча тынчсыздануусун билдирген.

Ал эми Фишер өзүнө карата айтылган дооматтарды негизсиз деп атаган. Германиянын Тышкы иштер министрлиги болсо, ал федералдык өкмөттүн расмий позициясын билдирип, Вена конвенциясына ылайык толук иш жүргүзүп жатканын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: