super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сирия Орусия менен аскердик база жана Башар Асад боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

 

Сирия менен Орусия мурдагы Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Сириянын тышкы иштер министри Асаад аш-Шибани билдиргенин Asharq Al-Awsat басылмасы жазды.

Сүйлөшүүлөрдө Сирия аймагында жайгашкан орус аскердик базалары боюнча маселелер каралган, бирок азырынча жаңы келишимдер түзүлө элек. Ошондой эле тараптар 2024-жылы бийликтен кулатылган Башар Асаддын тагдыры жана эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу маселелерди жөнгө салуу боюнча мындан аркы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашкан.

Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа 15-октябрда Москвага келип, Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушууда жаңы сириялык бийлик Орусия менен болгон бардык мамилелерди жаңылоо ниетинде экенин айткан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да сүйлөшүүлөрдө орус аскердик базалары тууралуу маселе көтөрүлгөнүн ырастаган, бирок кенен маалымат берген эмес.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булактарга ылайык, Сириянын өтмө өкмөтү Орусиядан аскердик-техникалык жардам сурап, анын ордуна Сирия аймагындагы орус аскердик объектилеринин сакталышына кепилдик берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: