super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Reuters: Трамп Зеленский менен Орусиянын коопсуздук кепилдиктерин да талкуулаган

 

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү жолугушуусунда коопсуздук кепилдиктери Украина үчүн гана эмес, Орусия үчүн да талкууланган. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

"Трамп коопсуздук кепилдиктерин Киев үчүн да, Москва үчүн да караштыруу жөнүндө ойлонуп жатты", — деп айтылат маалыматта.

Үчүнчү булактын билдирүүсүнө ылайык, мындай сунуш Трамп тарабынан Украина президентинин "биз өз эркибиз менен эч кандай аймакты бербейбиз" деген сөзүн уккандан кийин айтылган. Трамп келишимди азыркы абалдан, тагыраагы, демаркациялык сызыктагы позициядан баштоо керек деген чечимге келген.

Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, эки лидердин жолугушуусунда бир нече жолу кайым айтышуу болгон.

Эске салсак, 17-октябрда Ак үйдө өткөн бул жолугушууда Трамп Украинага Tomahawk ракеталарын берүү маселеси ачык экенин билдирген, бирок "бериши күмөн" экенин да белгилеген. Ошол эле учурда ал кагылышууну токтотуу боюнча чечим сунуштап, Зеленский анын бул ниетин колдогонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: