super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп Газа секторунда атышууну токтотуу режими күчүндө экенин билдирди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Air Force One учагында журналисттер менен болгон маегинде Газа секторунда атышууну токтотуу режими азырынча күчүндө экенин билдирди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Белгилүү болгондой, Трамп ок атышууну токтотуу режими дагы деле күчүндө экенин айткан.

Белгилей кетсек, кечээ Израил Газа секторунун түштүгүндөгү ХАМАС уюмунун объектилерине бир катар соккуларды жасаганын билдирген. Израил бул аракетин каршы тараптын атышууну токтотуу келишимин бузганы үчүн жооп катары болгонун маалымдаган.

Израилдин маалыматына караганда, соккулар курал-жарак кампаларын талкалоо максатында жасалган. Ошондой эле Газа секторунун Рафа шаарына авиациялык сокку урган.

Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча келишим 10-октябрда күчүнө кирген. Эки өлкөнүн ортосунда туткундарды бошотуу иштери да жүргүзүлгөн болчу.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: