Чоң-Алайда жаңы административдик имарат ачылды (фото)
18-октябрда Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чоң-Алай райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугулов, Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангельдиева, Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов, жергиликтүү мамлекеттик органдардын башчылары, аймактык башкармалыктын жетекчилери, ардагер архитекторлор жана кызматкерлер катышты.
"Долбоорго ылайык, жалпы 206 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта, жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе, архитекторлордун бөлмөлөрү жана техникалык кабинет бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү",- деп айтылат маалыматта.
Мекемеден билдиришкендей, Курулуш министрлигине караштуу жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















