super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп: "Украинадагы кагылышуу аяктагандан кийин Путин "кайсы бир нерсени" алып калат"

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына берген маегинде Путин Украинадагы кагылышуу аяктагандан кийин "кайсы бир нерсени" ала турганын билдирди.

Алып баруучу Трамптан Владимир Путин согушту аяктоо идеясына Украинадан "маанилүү мүлктү" алып кетпей туруп макул болобу деп сураган.

Трамп: "Орусия президенти Владимир Путин кайсы бир нерсени алып калат. Орусия менен Украина согушууда, анын көп мүлкү бар. Ал айрым мүлктөрдү басып алды", — деди. Ал кайсы аймактар жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган жок.

Ошондой эле Трамп АКШ согушка катышып, аны утуп, андан кийин чыгып кеткен жалгыз өлкө экенин кошумчалады.

АКШ лидери Украинага узак аралыкка атылган Tomahawk ракеталарын жөнөтүү маселеси азырынча чечилбей жатканын белгиледи. Ал бардык курал-жаракты Киевге берүү мүмкүн эместигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: