Палестинанын президенти Аббас Газадагы ок атышууну токтотууга чакырды
Палестина мамлекетинин президенти Махмуд Аббас Газадагы ок атышпоону туруктуу абалга келтирүүгө жана АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган планга баш ийүүгө чакырды. Бул тууралуу Палестинанын расмий WAFA маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Аббас Рамаллада Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык иштер боюнча баш катчысынын орун басары Том Флетчер менен жолугушууда Трамптын планындагы биринчи этап – ок атышууну узартуу, туткундарды алмашуу, гуманитардык жардам киргизүү, Израилдин Газадан чыгышы жана шаарды кайра калыбына келтирүү процесси толук ишке ашырылышы керек экенин белгиледи. Ошондой эле Израил өкмөтү Палестина бийлигин жана эки мамлекеттүү чечимди алсыратууну токтотуу зарылдыгын айтты.
Флетчер Газадагы гуманитардык абал, БУУнун жардам жеткирүү аракеттери тууралуу маалымат берип, Палестина премьер-министри Мухаммед Мустафа менен жолугушууда Газаны кайра куруу жана координацияны күчөтүү чаралары боюнча пикир алмашты. Мустафа болсо Газаны калыбына келтирүү иши Палестина жетекчилигинин алдында, араб жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















