Бурятияда 43 адам шаурма жана онигириге ууланды
Бурятияда 43 адам, анын ичинде 18 бала инфекциялык ооруканага массалык ууланып жаткырылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, алар дүкөндөн шаурма жана онигири сатып алып жешкен. Андан кийин өздөрүн жаман сезе баштаган.
Республиканын вице-премьер-министри жана саламаттыкты сактоо министри Евгения Людупова Telegram баракчасында бул азыктарды жеген жана уулануунун белгилерин — кусуу, жүрөк айланууну сезген Улан-Удэ шаарынын тургундарын дароо 103 телефону аркылуу же жугуштуу оорулар ооруканасынын тез жардам бөлүмүнө кайрылып, медициналык жардамга кайрылууга чакырды.
Эске сала кетсек, Роспотребнадзордун маалыматы боюнча, жабыркагандардын баары Николаевский дүкөндөрүнөн сатылып алынган жергиликтүү "Восток" компаниясынын продукциясын жешкен. Мекеме эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында 43 жабырлануучунун үчөөсүнүн анализинен сальмонеллез табылганы аныкталган.
Орусиянын Бурятия боюнча тергөө комитети керектөөчүлөрдүн коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген продукцияны сатуу боюнча кылмыш ишин козгоду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















