Айыл чарба министрлиги кыргызстандык дыйкан-фермердин жаңы образын жаратты
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кыргызстандык дыйкан-фермердин жаңы образын жаратты. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда аталган министрликтен билдиришти.
Министрлик учурдагы заманбап дыйкан-фермер жөн гана элетте жер иштетүү менен чектелбеген, өз ишмердүүлүгүн комплекстүү караган, жаңыча ой жүгүртүп, жаңы ыкмаларды колдонгон агробизнесменге айлангандыгын көрсөткүсү келе турганын билдирди.
"Заманбап кыргыз агробизнесмени — бул айыл чарба тармагында заманбап ыкмаларды, технологияларды жана ишкердик тажрыйбаларды колдонуп, пайдалануу жана туруктуу өнүгүү максатында айыл чарба өндүрүшүн уюштурган жана өнүктүргөн ишкер.
Кыскача айтканда, бул — айыл чарбасын бизнес катары карап, пайдалуу, инновациялуу, экологиялык жактан туруктуу, ички жана сырткы рынокко багытталган продукцияны өндүрүп, иштеткен адам", - деп айтылат маалыматта.
Мекемеден кошумчалангандай, заманбап кыргыз агробизнесмени жаңы сорттогу мөмө-жемиштерди өстүрүп, аларды кургатып же кайра иштетип, экспортко саткан ишкер. Ал жаңы күнөсканаларды курган жана жыл бою жашылча өндүргөн дыйкан. Ан менен бирге жасалма интеллектке негизделген мал багуу же суугаруу системасын колдонгон фермер.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















