super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: "2013-жылы жаңы жумуш орундарын түзүү жана региондордогу инфраструктураны жакшыртуу тууралуу долбоорлор аткарылат"

 

2013-жылы жаңы жумуш орундарын түзүү жана региондордогу инфраструктураны жакшыртуу тууралуу бир нече долбоорлор аткарылат. Мындай пикирди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусуна болгон иш сапарында билдирди. "Эгер саясий туруктуулук болсо, 2013-жылда бюджеттин киреше жагынын өсүшү күтүлүүдө. Бюджеттин киреше жагы өссө, анда бюджеттин өнүгүү тармагы да кеңейип, гранттар бериле баштайт" деди Жантөрө Сатыбалдиев. Эске салсак, 13-декабрь күнү Жогорку Кеңеш 2012-жылдын бюджетине түзөтүүлөрдү кабыл алган. Анда өнүктүрүү бюджети 21 миллиард 921 миллион 696 миң түзөрү жазылган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: