"Апасы үйүнө камап кеткен". Орусияда өрттөн улам үч наристе каза болду
Орусиянын Забайкальск крайынын Чикичей айылында эки батирлүү турак үйдөн өрт чыгып, үч бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкы башкармалыгы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, алар 2021, 2023 жана 2024-жылы туулган балдар. Үйдө чоңдордун көзөмөлү жок болгон. Куткаруучулар билдиришкендей, апасы аларды үйгө камап таштап кеткен. Эки бала жеринде каза болуп, үчүнчүсү борбордук райондук ооруканага жетпей каза тапкан.
Өрт 150 чарчы метр аянтта чектөөгө алынган.
Окуя болгон жерде өрттүн так себебин аныктоо жана бардык жагдайларды тактоо үчүн өрткө каршы мамлекеттик инспекторлор жана өрт сыноо лабораториясынын адистери иштеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















