Париж прокуратурасы Лувр музейиндеги уурулуктун эки версиясын атады
Париж прокуратурасы азыркы учурда Лувр музейиндеги уурулук боюнча эки негизги версияны карап жатканын прокурор Лора Бекко билдирди. Бул тууралуу Le Figaro басылмасы жазды.
Анын айтымында, бул уурулук буйрук менен жасалган болушу мүмкүн же акча өндүрүү максатында уюштурулган.
"Уюшкан кылмыштуу топтун эки максаты болушу мүмкүн. Алар буйрук менен уурулук кылган, же акча өндүрүү үчүн уурдаган", — деди прокурор.
Буга чейин Франциянын Ички иштер министрлиги Луврдагы уурулук чет өлкөлүктөр тарабынан болушу мүмкүн экенин кабарлаган.
Лувр музейиндеги уурулук кечээ, 19-октябрда болгон. Каракчылар скутерлер менен келип, сырттагы жүк лифти аркылуу терезелерге жетип, аларды талкалап киришкен. Музейдин ичине киргенден кийин Наполеон жана императрицага тиешелүү баалуу зер буюмдарды уурдап, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жалпы 9 зер буюм уурдалган.
Буга байланыштуу музей бир күнгө жабылган, ал эми коноктор эвакуацияланган.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул окуяны өлкөнүн тарыхый мурастарына жасалган кол салуу катары сыпаттап, уурдалган баалуу буюмдар табыларын жана кылмышкерлер сот алдында жооп бере турганын убада кылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















