super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Алдыдагы шайлоо: Таластын бир районунун Чүйгө кошулуп калганынын себеби түшүндүрүлдү

 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев "Биринчи радиого" берген маегинде алдыдагы парламенттик шайлоодо Таластын бир районунун Чүйгө кошулушу элдин санына байланыштуу болгонун билдирди.

"Талас 1 окуругдан чоң экен. Калктын саны 180 миң экен. Бирок 2 окуругга жетпей калат экен. Анан кандайдыр бир бөлүгүн башка жакка кошуш керек болду. Анан "эртең башка жактан шайланган талапкер бизди карабайт" деген сөздөр болуп жатпайбы. Бирок шайланган адам өзүнүн окуругу үчүн жоопкерчилик алат", - деди ал.

Айта кетсек, 30-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоо өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык округ менен өтөт. Анда кээ бир облустун айрым бөлүктөрү башка облустар менен бириктирилген.

Талас облусунун Талас району Чүйдүн Панфилов району жана Жайыл районунун Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак айыл аймактары, ошондой эле Кара-Балта шаары менен бириктирилген. Нарындын Кочкор, Жумгал райондору, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаары, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району болуп, бир окуруг түзүлгөн.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: