Санкт-Петербургда учак конууга жакын учуп-конуу тилкесинен чыгып кетти
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында учак конууга жакын учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, учакта 162 адам болгон, жабыркагандар жок жана эч ким медициналык жардамга муктаж эмес. Учакта абал тынч, учурда жүргүнчүлөр өзү жүрүүчү пандустар аркылуу түшүрүлүүдө.
Азербайжан аба жолдорунун Airbus учагы Бакуга учуп баратканда шассиси тартпай калгандыктан, учак Санкт-Петербургду айланып жүргөн. Төрт саатка жакын айлангандыктан май күйүп кетип, кайра аэропортко конгон.
Пулково аэропорту кырдаалга байланыштуу бардык каттамдарды убактылуу токтотту. Кызматтар жакын арада кайра жанданат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















